Кирпикти үй шартында кантип коюу жана узун кылып өстүрсө болот?
Музоо кирпиктер көздү сулуу кылып бажырайтып көрсөтөт. Жасалма кирпектер эмес өзүңүздүн кирпиктерди коюу кылып өстүргүңүз келсе анда буга ар кандай майлар жардамга келет. Төмөндө алардын бир нечесин сунуштайбыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Кирпиктин түшүүсүнө начар косметикалык каражаттар, жасалма кирпик өстүрүү, экологиялык начар жагдай себеп болот.
Майлар кабактын терисин азыктандырып, кан айланууну жакшыртып, пайдалуу заттар менен камсыздайт,ошондуктан кирпик жакшынакай болуп өсө баштайт. Майлардын курамында витаминдер кислота жана аминокислоталар бар.
Майды туура колдонуу өтө маанилүү. Бул үчүн эрежени билишиңиз кажет.
Көпкө кармасам жакшы деген ыкма бул жерде иштебейт, бул эң чоң жаңылыштык болуп саналат. Эң эле көп убакыт болуп бир саат саналат. Андан ашык майды кирпикке сүрткөндө болбойт. Майдын калган бөлүгүн кургак салфетка менен алып саласыз. Майды кирпиктин ортосуна коюу керек, анын түбүнө өзү жайылат. Майды кирпикке маска кыларда сөзсүз макияжды алып салуу керек. Кийинки эреже-бул масканы дайыма жасап турганда гана натыйжа берет. Ошондой эле төмөнкү майларга аллергия жок экенин адегенде сынап тесттен өткөрүп көрүү керек.
Кастор майы-арзан жана натыйжасы жакшы
Ит уйгактын майы (Репейное масло)-кирпиктердин өсүшүн тездетет жана бекемдейт.
Миндал майы-косметологияда кирпиктерди күтүүгө колдонула турган каражаттардын бири.
Шабдалы майы-ал гипоаллергендик болгондуктан териси сезимтал айымдар колдонсо болот.
Оливка майы-кабакка жана кирпикке пайдалуу. Кирпиктерин өсүшүн тездетет.
Жожоба майы- жогоруда айтылгандай өзгөчөлүктөргө ээ.
Чычырканак майы- бул кирпиктердин структурасынын тез калыбын келишин шарттайт, аны миндал майы, костор майы менен бирге колдонууга болот.
Ар дайым сулуу болуңуз!
Ссылка: https://barometr.kg/kirpikti-j-shartynda-kantip-koyuu-zhana-uzun-kylyp-strs-bolot
Добавить комментарий ×