Депутат коронавируска байланыштуу тышкы карызды төлөөнүн убактысын узартуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү керектигин айтты

24 март 2020 17:39 1079 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин 24-марттагы кезексиз жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков кабыл алынган жарлыктын негизинде өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөө менен алардын кошумча милдеттери да киргизилерин белгилеп, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Ошондой эле төрага Жогорку Кеңештин депутаттары 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантарын кошумчалады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  

“Дүйнө элинин башына түшкөн оор кырдаал бизди да кабатырлантууда. Бул кыйынчылыкты биз ынтымак менен жеңип чыгарыбызга ишенем. Андыктан, киргизилген өзгөчө абалды эске алып, ар бир жаран өзүн обочо кармоого аракет кылышы зарыл. Баарыбыз муну түшүнүү менен кабыл алышыбыз абзел”, – деди.   

Ал эми депутат Алтынбек Сулайманов өзгөчө абал айласыздан киргизилип жатканын белгилеп, Өкмөт экономикалык каатчылык маселесин эске алуу менен атайын чараларды көрүшү керектигин билдирди.

Ушундай эле багыттагы пикирге депутат Жанарбек Акаев да кошулуп, кыйын кырдаалда аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү зарылчылыгына токтолду.

Мындан тышкары, депутат Каныбек Иманалиев илдетке байланыштуу келип чыккан каатчылыкка ылайык тышкы карызды төлөөнү убактылуу узартып туруу багытында Өкмөт тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/kirgizilgen-zgch-abalga-bajlanyshtuu-deputattar-pikirlerin-bildirishti



Добавить комментарий