"Киношок" Эл аралык фестивалда кыргыз режиссёрлордун тарткан кинолору "мыкты" аталды

10 сентябрь 2018 14:15 1415 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Толук метраждуу кыргыз режиссерлору тарабынан тартылган "Мунабия" киносу Россиядагы Анапа шаарында өткөн "Киношок" фестивалында "мыкты" деп табылды.  Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги билдирди. 

Аталган эл аралык фестивалга Кыргызстандык режиссерлор тарткан төрт тасма катышып, алардын ичинен Таалайбек Кулмендеевдин "Мунабия" фильми баш байгени жана "Мыкты сценарий" сыйлыгын жеңип алды. Андан сырткары дагы үч тасма ар кандай диплом, сыйлыктарга ээ болгон. "Мыкты операторлук иш" жана "Мыкты музыка" номинациялары боюнча Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" фильми дагы мыкты аталды. 

Кыска метраждуу фильмдердин ичинен "тасмага болгон сүйүүнү көркөмдөп ачып бергендиги үчүн" калыстар тобунун атайын сыйлыгына Аскар Нуракун уулунун "Киноман" аттуу эмгеги татыды.

Ал эми режиссер Токтобек Үсөновдун "Не женское бремя" тасмасы даректүү фильмдер арасында атайын дипломго ээ болду.

"Киношок"— КМШ жана Балтика өлкөлөрүндө өтүүчү ачык эл аралык фестиваль. Быйыл 26-жолу Анапа шаарында болду. 




Ссылка: https://barometr.kg/kinoshok-el-aralyk-festivalda-kyrgyz-rezhissyorlordun-tartkan-kinoloru-mykty-ataldy



Добавить комментарий