Кичинекей Айлинге 29-мартта Түркиядан сөөк чучугун экинчи жолу трансплантациялоо жасалат

18 март 2021 15:21 2418 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башынан оор операцияны өткөрүп, Түркиядан сөөк чучугун алмаштырган кичинекей Айлинге 29-мартта экинчи жолу трансплантациялоо жасалат. Бул тууралуу Айлиндин апасы Индира Сапанованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Учурда, дарыгерлер наристени трансплантациялоого даярдап жатышат.

Кичинекей мекендешибиз азыркы тапта, Түркиянын Анталия шаарындагы клиникада дарыланып жатат.

Айлиндин апасынын айтымында, кызынын экинчи операциясына 50 000 доллар керектелет. Операция жасалганга чейин жогоруда айтылган сумманы толук төлөп бериши зарыл.

“Ошол эле учурда, Айлиндин ден соолугу бирде жакшырып, бирде алсырап, өзгөрүп калып жатат. Дем алыш күнү кызым шайыр, тамакка табити жакшы болчу.  Эртеси ал тамак жебей, ыйлап, кан басымы төмөндөп кетти. Бир күн кычкылтек аппаратына туташтырылды.

Бүгүн анын ден-соолугу жакшырып, тамак жей баштады. Кандай гана болбосун, убакыттын тар экендиги айдан ачык. Кызымды сактап калууга жардам бериңиздер.

Сиздерден суранам, Айлиндин дарылануусуна каражат чогултууга көмөктөшүүңүздөрдү өтүнөм”, - деп жазды Айлиндин апасы.

Айлин төрөлгөнүнө 3 ай болгондон кийин Курч лимфобластикалык лейкемия (кан рагы) диагнозу коюлган.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында он айлык кичинекей Айлиндин сөөк чучугун алмаштыруу ийгиликтүү болуп, оорукандан чыгарылганы кабарланган.  Бирок, көп өтпөй жаңы сөөк чучукта кайрадан рак илдети пайда болуп, экинчи жолу трансплантациялоо керек экени айтылган.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:  

DEMIRBANK Расчетные счета:

1180000029245407 KGS BIC118005

1180000029245508 USD  SWIFT DEMIKG22

КАРТА VISA

4215 8901 3513 2709 Indira Sapanova

ЭЛСОМ  0706090925 Талант

О! Деньги 0706090925 (можно пополнить баланс)

Элкарт 9417 3790 0810 6243 Талантбек

ZELLE +15138288186 Shirin

СБЕРБАНК

4817 7601 1828 7279 Асель Алмазовна

АО KASPI BANK 5169 4971 6027 5073

+77078353349 Ажмуратова Раиса

ТУРЕЦКИЙ СЧЕТ

INDIRA SAPANOVA

IBAN TL TR 07 0006 2000 5350 0006 6269 97

Ссылка: https://barometr.kg/kichinekej-ajlinge-29-martta-trkiyadan-sk-chuchugun-ekinchi-zholu-transplantaciyaloo-zhasalat



Добавить комментарий