Кичинекей Айлиндин сөөк чучугун трансплантациялоо ийгиликтүү өтүп, амбулатордук дарыланууга чыгарылды

21 декабрь 2020 12:46 8502 4 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Он айлык кичинекей Айлин Түркиядан оор операцияны башынан өткөрдү. Анын сөөк чучугун алмаштыруу ийгиликтүү болуп, оорукандан чыгарылды. Бул тууралуу наристенин апасы Индира Сапанова фейсбук баракчасына жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Сиздердин жардамыңыздар менен ушул татаал жолду басып өттүк.

Элиме таазим! Кудайга шүгүр! Ыраазыбыз!

Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу кыргыз элим! Биз сиздер менен жакшы жаӊылыгыбыз менен бөлүшөлү дедик. Жараткан жалпыбыздын тилектерибизди угуп, сиздердин баталарыӊыздар кабыл болуп, кызыбыз Айлиндин анализдери жакшы чыгып, биз кубанычтан бүгүн ыйлап турабыз. Жарым жылдан ашык убакыттан бери бүгүн биринчи жолу кубанычка бөлөнүп, жүзүбүздөн жылмаюу кетпей турат. Бир жылга жакын аралыктан бери көтөрүп жүргөн үстүбүздөгү оор жүктү бирөө алып салгандай жеӊилденип, үмүтүбүз дагы жана түштү. Кызыбыздын дартына дабаа берген Жаратканга жана дарыланууга акча жагынан салым кошуп, Айлиндин жашап кетүүсүнө себеп болгон, кызыбызга экинчи өмүр тартуулаган элиме баш ийип таазим этебиз. Биздин сиздерге болгон ыраазычылыгыбыз чексиз, аны сиздерге сөз менен жеткирип бере албайбыз. Кудайым ар бириӊиздердин жакшылыктарыӊыздарды миӊ эселеп кайтарсын, эч качан оорубаӊыздар.

Кудайым буюрса, биз жеңишке бир топ жакындап калдык, мындан ары жакшы гана жаӊылыктар болсун. Биздин күндөрдүн эӊ оор сыноосу артта калды деп ишенгим келет. Сиздердин жардамыңыздар менен биз ушул татаал жолду басып өттүк. Биздин кызыбыз Айлиндин Түркияда дарыланууга мүмкүнчүлүк бергениңиздер үчүн үй -бүлөбүз менен дагы бир жолу тереӊ ыраазычылык билдиргибиз келет. Сиздердей кайрымдуу, боорукер, жардамга кол суна билген, оор мезгилде жаныбызда болуп, көз жашыбызды аарчып, сооротуп, таяныч болуп бере алган элдин кызы болгонубузга ыраазымын! Сиздерге рахматыбыз чексиз.

Дүйнөнүн балдары эч качан оорубасын”, - деп жазды ал.

Ссылка: https://barometr.kg/kichinekej-ajlindin-sk-chuchugun-transplantaciyaloo-operaciyasy-ijgilikt-tp-ambulatorduk-darylanuuga-chygaryldy



Добавить комментарий