“Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында 18 жаштагы жигит чөгүп кетти
“Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында 18 жаштагы жигит чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу Instagram социалдык тармагынан маадымдашканын “Барометр” кабарлайт.
black_list.kg булагы берген маалыматка караганда, пляжда куткаруучулар болгон эмес. Сууга чөгүп бара жаткандарды эс алып жүргөндөр куткарышкан.
“Эс алып жүргөндөр көмөктөшүп эки жигитти алып чыгышты, үчүнчүсү чөгүп кетти. Куткаруучулар аларды чакыргандан кийин гана чуркап келишти. Баардык эс алуучулар карап турушту. Бир нече жигит сууга чумкуп издешти бирок таба алышкан жок. Жаш жигитти 10 мүнөттөй издешип бирок таап чыгышканда кеч болуп калган экен”,-деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/kgltr-ysyk-kl-pansionatynda-18-zhashtagy-zhigit-chgp-ketti
Добавить комментарий ×