20 күндүн ичинде 10 мал уурулуктун бетин ачкан Саадамбек

8 февраль 2020 16:10 737 Barometr
Бөлүшүү:
ok
Кара-Буура  райондук ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын улук ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Саадамбек Стайбековду мыкты иштеген кызматкер катары гезитибизге сунуштаган Кара-Буура РИИБдин жетекчилигинин сунушун дароо кабыл алдык. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.   
Ананчы, аймактарда мына ушул Саадамбектей кызматкерлер милициянын жүзү катары таанылып, эли-журтунун алкышына арзып келатышпайбы. Мына ошол кесипкөй кызматкерлерибиздин эмгеги аркылуу эл милициянын ишине баа берип, жакындан билип келет. Саадамбек ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүсү. Беш жыл бою билимге сугарылып, атайын даярдыктан өткөн кызматкер. Өзү Кара-Буура районунун Чолпонбай айылынын кулуну. 2015-жылы окуусун бүтүрүп кичи мекенине кайтып келген Саадамбек алгач Аманбаев айылдык милиция бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп эмгек жолун баштайт.
«Окуп жүргөндө тергөө кызматында  практикада болдум. Ошол кезде эле негедир мага криминалдык милиция кызматы жагып, кылмыш ачуунун сырларын жакындан үйрөнгүм келчү. Эми минтип максатым орундалып, өзүм тандаган кызматта иштеп жүрөм», - деди кесиби тууралуу С.Стайбеков. 
Бала кезинен милиция болууну эңсеп жүргөн биздин жигит кызматка дайындалган биринчи күндөн баштап эле ишине өзгөчө кызыгуу жана аракетчилдик менен киришиптир. Дал ошол Саадамбек дайындалган мезгилде Кара-Буура районунда мал уурулук өзгөчө көйгөй жаратып, желип-жорткон шылуундар көбөйүп кеткен экен. 
Дээринде бар биздин жигит 20 күндүн ичинде кесиптеш байкелеринин жардамы менен 10 факт мал уурулуктун бетин ачууга жетишет. «Кылмыштын бетин ачты» деп айтканга оңой болгону менен,  далил буюмду табуу кыйынга турган мал уурулуктун ар бир фактысын иликтеп, талдап олтуруу, шектүүлөрдү аныктоо, алардын изине түшүү, анан аларды кармоо эмне гана деген түйшүк экенин изкубарлар жакшы билишет. 
Жаңыдан гана кызматка дайындалып, эми эки жагын каранып, насаатчыларынан иштин жүрүшүн үйрөнөт деп турган кызматкердин кыска убакытта кылмыш иштерин ашкерелей алышы, албетте, көз кырында калбаптыр. 
«Өсө турган, иштей турган жигит экен» деген жетекчилик Саадамбекти Кара-Буура РИИБдин криминалдык милиция кызматына улук ыкчам кызматкер кылып алып кетишиптир… Ыкчам кызматкер катары милициянын ага лейтенанты Саадамбек Стайбеков  райондун аймагындагы кырдаалды толук билет. Аймакта телефон уурдоо фактылары жорук катары эң көп катталарын айткан милициянын ага лейтенанты, мурдагыга караганда учурда  бул фактыларды ашкерелөө кыйынга турарын, анткени иликтөө иштерин толук кандуу жүргүзө алышпай жатканын кошумчалады. 
Андан ары маектешим  12-август күнү катталган оор кылмыш иши-адам өлтүрүү фактысы тууралуу айтып өттү. Ал мындайча болуптур. 2019-жылдын август айынын акыркы күндөрүнүн биринде райондун тургуну О.К. милицияга арыз менен кайрылып,  май айында анын Е.Б. аттуу 26 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон  дайынсыз болуп жатканын билдирет. Криминалдык милиция  кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, анын натыйжасында Е.Б. Женя аттуу жаран менен тоого мал багууга кеткени, бирок акыркы кезде Женя райондун аймагында жүргөнү, баңгизатына берилип кеткени дайын болот. 
Эми Женяны табуу тапшырмасы коюлуп, акыры аны 2 кг баңгизатын (өсүмдүгүн) алып келе жаткан жеринен колго түшүрүшөт. Сурак учурунда шектүү чыр-чатактан улам Е.Б.ны өлтүрүп салганын жана аны тоо жакта ташка корумдап келгенин айтып берет. Ошол замат 160 чакырым алыстыктагы  окуя болгон жерге Кара-Буура РИИБдин ыкчам тергөө тобу барып, Е.Б.нын тоо түбүнө көмүлгөн жансыз денеси табылат… 
Каарманым менен кеп арасында кылмыш иликтөө кызматынын сырлары тууралуу сүйлөшүп калдык. Эрктүү, кылмыш ачууну иликтөөгө таланты бар, чыдамкай, тылы бекем кызматкер  бул кызматта иштей аларын айткан Саадамбек, кандай гана кыйынчылык кезикпесин, ага туруштук берүү зарылдыгын белгилеп кетти. Айрым учурда 2-3 күн үй бетин көрбөй, кийимдери которулбай калган мезгилдер болорун бөлүшкөн каарманым, бул кыйынчылыктарды кылмыш ишин ачкан кездеги кубанычтар жууп кетерин кошумчалады. 
Кубанычтар демекчи, бирдиктүү аракеттин натыйжасында  ийгиликке шериктеш болуп келе жаткан жамааты, кесиптештери тууралуу жылуу пикирин билдирген ага лейтенант, анын жетишкендиктерине жалпы жамааттын салымы бар экенин белгилеп кетти. 

Ссылка: https://barometr.kg/kesibin-sjgn-milicioner



Добавить комментарий