Кенияга барган Меланья Трамптын кийими кайрадан сынга алынды

8 октябрь 2018 11:59 1855 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

АКШнын биринчи айымы Меланья Трамп кайрадан кийип барган кийими менен көпчүлүктүн сынына калды. Биринчи айым Африка боюнча болгон турненин алкагында Кенияга барганда үстүнө ак көйнөк, шым, башына шлем кийип алган. Мындай кийимди мурдагы колонизаторлор, кул ээлөчүлөр кийишкен. Мындай көрүнүш Африка элин кыжырдантып, алар үчүн орунсуз көрүнөт. 

Ошондой эле биринчи айым ушундай кийимин кийип алып жапайы жаратылышты коргоо фондусу менен Кениядагы балдар үйүнө дагы барган.

Буга чейин Меланья Трамп Америка менен Мексиканын чек арасындагы мыйзамсыз мигранттардын балдарынын абалы менен таанышууга келгенде артында "Мага баары бир" деген жазуусу бар күрмөнү кийип алып барганы интернетте сынга алынган эле.  

Ссылка: https://barometr.kg/keniyaga-bargan-melanya-tramptyn-kijimi-kajradan-synga-alyndy



Добавить комментарий