Мелания Дональд Трамп менен ажырашат. Алар мурда эле эки башка укташчу

9 ноябрь 2020 12:03 8082 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кече, 8-ноябрда АКШ президентинин жубайы Мелания Трамптын жолдошу менен ажырашууга камынып жатканын бир нече чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Бул маалыматты биринчи айымдын мурунку жеке жардамчысы Стефани Волкофф да тастыктады. Ал Британиялык Daily Mail басылмасына берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, Мэлания Трамп жолдошу Дональд Трамптын кызматтан кетүүсүн  мүнөт санап күтүп жатат.

"Ал  жолдошу президент болуп турганда ажырашууга арыз жазса, сот иштерине жана коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн деп кооптонгон", - деди аял журналисттерге.

Ал АКШнын биринчи айымы менен Трамптын баш кошуусу келишимдин негизде болгонун айтты.

“Алар менин билишимче келишимдин негизинде гана үйлөнүшкөн. Дональд Трамп президент болуп турган төрт жыл ичинде жубайлар ар башка бөлмөлөрдө укташкан”, - деп ырастады үй кызматкери.

АКШ лидери Дональд Трамп менен биринчи айымдын үй-бүлөсү буга чейин да коомчулуктун талкуусунда болуп келген. Алардын ортосунда сүйүү эмес, келишимдин негизинде гана жашап жатышканын дүйнөлүк басылмалар жазып келишкен. Бирок, жубайлар бул маалыматты четке кагып, мамилелерин мыкты деп ырастап келишкен.

Шайлоо учурунда Мэлания Трамп журналисттер менен болгон маеги учурунда АКШнын президенти Дональд Трамптын  артыкчылыктары жөнүндө айтып берген. Бирок, америкалык журналисттер ал нике келишимин түзгөндүктөн, мындай билдирүүлөрдү жасоого аргасыз болгон деп божомолдошот.

7-ноябрда Америкадагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду. Шайлоо жыйынтыгынын негизинде Джо Байден өзүн АКШнын 46-шайланган президенти деп жарыялады. Формалдуу түрдө президент 14-декабрда жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн шайлоочулар коллегиясынын жыйынында шайланат.

Ссылка: https://barometr.kg/melaniya-tramptyn-j-kyzmatkeri-birinchi-ajym-zholdoshu-donald-tramp-menen-azhyrashat-alar-murda-ele-eki-bashka-uktashchu



Добавить комментарий