Дарыгер коронавируска чалдыккан Трамптын абалы жөнүндө айтты

2 октябрь 2020 11:58 1472 Barometr
Бөлүшүү:
ok

АКШ президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания коронавируска чалдыкканы маалым болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Америкалык лидердин айтымында, анын жубайы экөөнүн анализинен инфекция табылган.

 «Биз дароо карантинди жана дарылоону баштайбыз. Муну биз биргеликте жеңебиз! " – деп жазды ал Twitter баракчасына.

Буга чейин Трамп өзүнүн жакын кеңешчилеринин бири Хоуп Хикстке коронавирус диагнозу коюлган соң өзүн-өзү изоляциялагандыгын айткан. Ал 29-сентябрдагы дебатка жана 30-сентябрда Миннесотадагы митингге президентти коштоп барган.

Ал эми, ак үйдүн дарыгери Шон Конли коронавируска чалдыккан президент Дональд Трамптын абалы жөнүндө айтты.

“Президент жана биринчи айым өздөрүн жакшы сезип жатышат. Алар дарылануу учурунда Ак үйдө каларын айтышты. Ойлонбой эле коюңуздар президент мындан ары дагы өз милдеттерин үзгүлтүксүз аткарат", - деди Конли.

Дарыгер кошумчалагандай, ал медициналык адистер тобу менен бирге Трамптын жана анын жубайынын абалын тыкыр көзөмөлгө алат.

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-koronaviruska-chaldykkan-tramptyn-abaly-zhnnd-ajtty



Добавить комментарий