Кемпирдин кекиртегине бычак такаган зөөкүр колго түштү

24 февраль 2020 09:34 789 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй облустук милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кемпирге бычак менен кол салган киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, 18-февралда Аламүдүн айылындагы үйлөрдүн бирине ууру киргени боюнча райондук милицияга билдирүү келген.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери 70 жаштагы кемпир жабыркаганын аныкташкан. Ал үйүнө кайтып келе жатканда бет кап кийген белгисиз киши аны сабап коём деп коркутуп, моюнуна бычак такап, акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен.

Ыкчам тергөө амалдарынын жыйынтыгында ошол эле күнү кечинде Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну шектүү катары кармалган.

Учурда ал Бишкек шаарындагы №1 СИОЗго киргизилди. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kempirdin-kekirtegine-bychak-takagan-zkr-kolgo-tsht



Добавить комментарий