Кеминден жылкы уурдаган Нарындык тургун колго түштү
Чүйдүн Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматкерлери ат уурдаган Нарындык 27 жаштагы жаранды кармады.
Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Кеминдин 46 жаштагы тургуну көз тааныш бирөө 21-октябрда жылкысын уурдап кеткендигин, ага карата чара көрүү өтүнүчү менен 29-октябрда милицияга кайрылган.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктарын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин “уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын алкагында шектүү кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө иши уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/keminden-zhylky-uurdagan-naryndyk-turgun-kolgo-tsht
Добавить комментарий ×