Кеминде унаа даракты сүзүп, кыз менен жигит каза тапты
Бөлүшүү:
Кемин районунун Ударник айылындагы Ленин көчөсүндө Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып даракты сүзгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Кырсыктын кесепетинен 2004-жылы туулган жигит жана кыз каза тапты. Дагы үч өспүрүм ар кандай жаракаттарды алышты, алардын өздүгү такталууда.
Каза тапкандардын денесин унаадан куткаруучулар чыгарышты.
Жабыркагандарды тез жардам алып кетти.
Ссылка: https://barometr.kg/keminde-unaa-darakty-szp-kyz-menen-zhigit-kaza-tapty
Добавить комментарий ×