Кеминде 16 жаштагы кызды өлтүрүп, токойго таштап кетишкен
Кеминде 16 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“21-июнь күнү саат 17:15 чамаларында Кемин РИИБге Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен жаш кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде Кемин РИИБдин ыкчам тергөө тобу дароо окуя болгон жерге чыгышып, денеге кароо жургүзүү учурунда анын киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.
Кийин болжол менен саат 17:30 чамаларында Кемин РИИБге аял кайрылып, 2005-жылы туулган кызы 21-июнда болжол менен саат 11:00 чамаларында чыгып кеткен боюнчка дайынсыз болуп жатканын билдирип, аны издешүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Милиция кызматкерлери тарбынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон кыз жогорудагы дайынсыз болуп жаткан 2005-жылы туулган Х.О. экендиги такталган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында каза болгон кыздын апасы суралып, үстүбүздөгү жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 08:30 чамаларында кызы мектепти аяктагандыгы тууралуу аттестатын алуу үчүн чыгып, болжол менен саат 10:59 чамаларында кошунасынын телефонунан чалып, сугат жумуштарын бүтөрүп алып, бараарын айтып ошол боюнча үйүнө келбегенин билдирген.
Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган Б.К. аттуу жаран кармалган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, 2021-жылдын 21-июнь күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, кийин акча сураган учурда, ал кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда, коркуп кеткен шектүү кызды муунтуп, кийин кошунасынын автоунаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/keminde-mektep-btrchn-ltrg-shekt-karmaldy
Добавить комментарий ×