Кеминде болгон авариядан 4 киши каза тапты

23 июль 2021 10:03 532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кеминде болгон авариядан 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак, жол кырсыгы кечээ саат 21.20да Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 107-чакырымында Нур айылынын тушунда болгон.

Honda Stepwagon жана Mitsubishi Pajero унаалары кагылышкан.Кырсык болгони жерде үч куткаруучу иштеп, каза тапкандардын сөөгүн жакындарына өткөрүп беришти.

Авариянын кесепетинен төрт адам каза тапты, беш адам ар кандай жаракаттарды алышты. Жабырлануучулардын абалы оор.

 

Ссылка: https://barometr.kg/keminde-bolgon-avariyadan-4-kishi-kaza-tapty



Добавить комментарий