Кемин шаардык кеңештин төрагасы Боомдогу блокпосттогуларга азык-түлүк жана коргоочу каражаттарды берди
Кемин шаардык кеңешинин башчысы Кубат Мамыров Боом капчыгайындагы санитардык көзөмөл пунктунда иштеп жаткандар менен жолугуп, шарты менен таанышты.
Маалыматка ылайык, спикер, депутаттар жана мэриянын кызматкерлери постто иштегендерге гуманитардык жардам дагы беришти. Атап айтканда, төрт прожектор, 100 литр күйүүчү май, төрт мүшөк көмүр, төрт жууркан, медициналык колкап, азык-түлүк, күнүмдүк колдонула турчу санитардык буюмдар бар. Андан сырткары ал жакта иштеп жаткандарга ысык тамак дагы уюштурулган.
Мамыров мындай оор учурда башкалардын ден соолугу үчүн күрөшүп жаткан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.
“Элдин ден соолугу дана коронавирустун Чүй облусунда жайылышынын алдын алуу үчүн үч санитардык-карантиндик пост иштеп жатат. Алардын бири дал ушул Кемин районундагы Боомдогу пост. Азыр бул жакта 11 кызматкер иштеп жатат. Мындай оор учурда биз-бирибизди колдоп, жардам беришибиз керек”, — деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/kemin-shaardyk-keeshtin-tragasy-boomdogu-blokpostto-turgandarga-zhardam-berdi
Добавить комментарий ×