Кемин районундагы шаардык кеңештин төрагалары чукул жыйынга чогулду

31 март 2020 17:59 2430 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кемин районунда айыл өкмөттөр менен шаардык кеңештин төрагалары чукул жыйынга чогулду. Маалыматка ылайык, анын жыйынтыгында Кемин менен Орловка шаарларынын мэрлерине тапшырма берилип, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында 1000-2000 мүшөк ун бөлүү маселесин карап чыгуу айтылды.

Кемин районундагы кеңештердин коллективдик кайрылуу таратышты. Анда дүйнөдө болуп жаткан коронавирустун таасири Кыргызстанга дагы тийип, анда райондун эли дагы оңтойсуз болуп жатканы жазылат. Мисалы райондун эли өзгөчө абалды сактап, үйдөн чыкпай жатат. Бул дагы алардын материалдык абалына терс таасир берип жатат. Андыктан мындай оор учурда паникага алдырбай, вирустун жайылышынын алдын алуу үчүн кечиктирилгис чараларды кабыл алуу керек. Түзүлгөн кырдаалды эске алып, Кемин районундагы кеңештердин төрагалары райондун элине бардык жардамды көрсөтүү боюнча чечим кабыл алышты.

Анда ар бири 50 кг болгон 1000-2000 мүшөк ун алуу үчүн каражат бөлүү суралган. Алар калктын аярлуу катмарына жардам иретинде таратылат. Жардамды таратуу үчүн бардык айыл аймактар менен шаарлардын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан тыкыр тескелет.

Мындай билдирүүнү Кара-Булак, Ильич, Ак-Туз, Боролдой, Кызыл-Октябрь, Алмалуу, Чым-Коргон, Жаңы-Алыш, Чоң-Кемин, Көк-Ойрок, Кичи-Кемин менен Орловка жана Кемин шаарларынын өкүлдөрү колдошкон.

Бул кайрылуу Кемин районун өнүктүрүү фонду менен “Келечек” фондуларына жөнөтүлгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-rajonunda-ajyl-kmttr-menen-shaardyk-keeshtin-tragalary-chukul-zhyjynga-choguldu



Добавить комментарий