Жалган досту кантип аныктаса болот?

12 апрель 2023 09:10 13110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эгер жаныңызда "дос"- деп эсептелип жүргөн адам начар сапаттарга ээ болсо жана сизге зыяны тийсе, анда ал дос деп эсептелбейт. Жеке жашообузга аралашууга мүмкүнчүлүк алган, ишенип сыр айткан, колдоо күткөн адам кээ бир учурда котур ташын колтугуна катып, кайсы бир учурда өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүп коёт эмеспи.

Омар Хайамдын жолдон чыккан жолбун менен дос болгуча, жалгыз эле жүргөн жакшы- деген оюна кошулаарыбызды билдиребиз. Бирок, баары бир капысынан, билип- билбей бизге зыянын тийгизген адамдарды жеке жашообузга аралаштырып алабыз. 

Barometr.kg маалымат агенттигине психолог жалган достордун белгилерин баяндады.

Начар достор кимдер?

Ич күйдүлүк

Кээ бир дос болумуштар, колтугуна котур ташын катып, сизди "сатып" кетет. Ал эми айрымдары берген убадаларын аткарбайт. Эгер сиз дайыма эле анын чыккынчылыктарын кечире берсеңиз, ал бул нерсеге көнүп алып жагымсыз адатын уланта берет. Сизге ушундай достун кереги барбы? Керек учурда кол сунбаган, өзүнүн гана кызыкчылыгын гана ойлогон... Андыктан сизге мындай мамиле жакпай тургандыгын айтып, достугуна ырахмат айтып коштошо бериңиз.

Өзүнүн гана оюн туура деп эсептейт

Экөөңүздөр жолугуп, баарлашуу учурунда кандай гана маселе тууралуу сүйлөшпөңүздөр, ал бардык нерседен өзүнүн тууралыгын таңуулай берет. Өзүнүн үй бүлөсү, бир-туугандары, көңүлдөшү же сүйгөн адамы менен болгон пикир келишпестик мамилелеринде ал өзүн жабыр тартуучу катары көрсөтөт. Бардык күнөөнү аларга оодара салат. Алардын пикири менен эсептешпейт. 

Маселен, мага мындай жаман мамиле жасады, эмне үчүн мага андай мамиле жасашат - деп чыйпылыктайт. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт дегендей, кантип эле экинчи тарап 100 пайызга туура эмес болсун?!

Албетте, азыркы заманда душманды алыстан издебе! 100 сомуң болгончо 100 досуң болсун - деген кеп бар, бирок, дос күтүүдө абайла!

Ссылка: https://barometr.kg/kee-bir-dos-bolumushtardyn-kotur-tashy-kojnunda



Добавить комментарий