Ая Назаренко "Три Аккорд" шоусунда жеңишке жетпей калды

24 ноябрь 2020 16:31 1511 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын сыймыгы, "Город 312" тобунун солисти Ая (Светлана Назаренко) "Три Аккорд" шоусунда жеңишке жетпей калды. Бирок, ошентсе да ырчынын жакындары аны жеңиши менен куттуктап, белектерин тапшырып жататышат. Бул тууралуу Назаренконун соцтармактагы баракчасындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Досторум өздүрүнүн сыйлыгын алып келип калышыптыр. Таттуу белеги менен менин көңүлүмдү көтөрүп келишкендерине рахмат. Менин башкы байгем - бул менин досторум!”, - деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, Ая Назаренко Россиянын Биринчи каналы уюштурган  "Три Аккорд" шоусуна катышып жаткан.

22-ноябрда "Три Аккорд" долбоорунун бешинчи сезонунун акыркы чыгарылышында жеңүүчү аныкталды. Элден эң көп колдоо тапкан ырчы Нонна Гришаева болду. Театр жана кино актрисасы, алып баруучу, Россия Федерациясынын Эмгек сиңирген артисти 198 упай менен биринчиликти алды.

Экинчи орунду Сергей Минаев (196), үчүнчү орунду Леонид Серебренников (195) ээледи. Алдыңкы бештикти Нина Шацкая (192) жана Родион Газманов (191) упай менен жыйынтыкташты.


Ссылка: https://barometr.kg/aya-nazarenko-tri-akkorda-shousunan-zheishke-zhetpej-kaldy-menin-syjlygym-dostorum



Добавить комментарий