Кеч үйлөнүүнүн зыяндуу жактары

14 февраль 2022 09:12 3969 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда азыркы учурда жашы жыйырма бештен жогору бойдоктордун саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу адистердин байкоолоруна таянып "Барометр" билдирет.

Үйлөнбөй жүрүүсүнүн себептерин жигиттер мындайчы түшүндүрүшөт:

  •  «азыр мага карьера маанилүү»;
  •  «үй салып, машина алып, жагдайымды жакшыртып алайын»;
  •  «нормальный» кыз жок;
  •  «бойдоктук жашоом менен коштошкум келбейт»
  •  «мындай кризисте кантип үйлөнөм? акча жок…»  ушул сыяктуу  бүтпөгөн себептер менен шылтоолор…

Ал эми убакыт өтүп жатат, ал сиздин жагдайыңызга, карьераңызга, кызыкка тойбой жүргөнүңүзгө карап турбайт. Ошентип жигиттер  өзүнүн 30га кантип келип калганын билбей да калат.

Ал эми үйлөнбөй жүрүп алуунун же кеч үйлөнүүнүн зыяны кандай? 

1. Үй-бүлөлүк бакытты кеч сезесиз.  Досторуңуз, катарлаштарыңыз небере сүйүп отурганда сиз араң балдарыңызды мектепке, бирөөсүн бала бакчага алып барасыз.

3. Кеч үйлөнүү – ден-соолукка өтө зыян! Мырзалар үчүн 17-18 жаш – толук өсүп жетилген, балалуу болуп урпак улантууга жөндөмдүү, күч-кубаты толуп-ташып турган кез. 

4. Жарандык нике көбөйөт. Бул – эркек менен аял каласа бирге турушат, калабаса ажырашып кете турган нике. Мырзалардын көбү нике кыйып, аны мыйзамдаштыруу менен баш оорутпай, ушундай үйлөнө салууну туура санашат. Эч кандай милдет, жоопкерчилик албайт. Ал эми аягында балдар жетим болуп калат.

5. Ажырашкандардын көбү – кеч үйлөнгөндөр. Адамдын жашы өткөн сайын тандоосу да артып, жубайына койгон талаптары да көбөйө баштайт.

Мына ушундайча кеч үйлөнгөндөр өзүнө да, коомго да олуттуу зыян келтиришет.


Ссылка: https://barometr.kg/kech-jlnnn-zyyanduu-zhaktary



Добавить комментарий