Көчмөндөр оюндарын көрүүгө мурдагыдан үч эсе көп турист келди

10 сентябрь 2018 14:05 1297 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик турист келди. Бул эки жыл мурунку оюндардагы көрсөткүчкө салыштырмалуу, 3 эсе көп. Бул тууралуу  туризм департаментинен билдиришти.   

Маалым болгондой,  көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Ал эми быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди. 

Эске салсак,  2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктап, эстафета Түркияга өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundaryn-krg-murdagydan-ch-ese-kp-turist-keldi



Добавить комментарий