Көчмөндөр оюндарын көрүүгө мурдагыдан үч эсе көп турист келди
Поделиться в:
Көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кыргызстанга 70 миңге жакын чет элдик турист келди. Бул эки жыл мурунку оюндардагы көрсөткүчкө салыштырмалуу, 3 эсе көп. Бул тууралуу туризм департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосундагы ачылышына 2016-жылы 30 миңге жакын адам келген. Ал эми быйыл бир күндө, ачылышына эле 150 миңдей адам келди.
Эске салсак, 2-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында башталган Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктап, эстафета Түркияга өткөрүлүп берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyundaryn-krg-murdagydan-ch-ese-kp-turist-keldi
Добавить комментарий ×