Көбү сууга чөгүп кеткен. Индияда асма көпүрө урап каза болгондор 130га жетти
Индиянын Гуджарат штатында көпүрөнүн урашынан каза болгондордун саны 130га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Мачху плотинасындагы көпүрө мындан 140 жыл мурун курулган. Акыркы эки жылдан бери ремонтко жабылган.
Издөө иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.
140 жыл мурун курулган Морби шаарынын жанындагы Мачху плотинасындагы көпүрө акыркы эки жылдан бери жаңылоого жабылган.
Ал реконструкциядан кийин 26-октябрда ачылган. “Одиша” телеканалынын маалыматы боюнча, урап түшкөн учурда көпүрөдө 500дөн ашуун адам (анын ичинде балдар) болгон, алардын 350сү сууга чөгүп кеткен.
Добавить комментарий ×