Казараманда тайэнеси мүмкүнчүлүгү чектелген небересин сабап жатат делген видеонун чоо-жайы
Соцтармакта Жалал-Абад облусуна караштуу Казарман айылында тайэне-тайата мүмкүнчүлүгү чектелген небересин ур-токмокко алып сабап жатат делген видео таркады. Карындашымды куткарууга жардам бериңиз деп юрист Шердор Абдыкапаровго кыздын байкеси кайрылган. Бул тууралуу юрист Абдыкапаров “Барометрге” билдирди.
Юрист Абдыкапаровго 1993-жылы туулган Артыкбек уулу Алтынбек кайрылып, бир тууган карындашы Асел тайата-тайэнеси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып жатканын билдирип, мыйзам чегинде карындашы экөөнүн укуктарын коргоп берүүсү өтүнгөн.
"Мен, Артыкбек уулу Алтынбек, ата-энебиз кичине кезибизде каза болуп калышкан. Бир тууган карындашым Аселянын төрөлгөндөн тизеден ылдый жагы иштебейт (инвалид). Ата-энебиз өтүп кеткенден кийин биз тайата-тайэнебиздин колунда калганбыз.
Азыр мен курулушта иштейм, иш ар кайсы жакта болуп калат, тагыраагы дайыма карындашымдын жанында боло албайм.
Аселяны мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай, үйдө жумуш кылдыртышат, ал эле эмес, зордукка кабылганы билинип олтурат. Алып кетейин десем, тайэнем жибербейт, анткени, Аселдин мүмкүнчүлүгү чектелгени үчүн мамлекет тарабынан берилген пособиесин өзү алат. Карындашым ушунчалык коркуп калган, телефон чалсам да, коркуп, жакшы сүйлөй албайт.
Мейли, мен алып кете албасам да, мыйзам мен тарапта болбосо да, Асел карындашымды өзүнө окшогон мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды караган уюмга, мамлекет тарабынан каралган мекемеге жайгаштырсам дейм.
Мурда карындашымды тайатам зордуктаган деген имиштерди уккам, бирок, бүгүн телефон аркылуу сүйлөшүп, чын экенин билип, ИИМге арыз менен кайрылдым”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бул тууралуу ИИМге кайрылганыбызда азырынча маалымат такталып жатканын кабарлады.
Ал эми, Аселя Казарман айылындагы аймактык ооруканага жаткырылганы маалым болду. Дарыгерлердин айтымында кыздын учурда абалы жакшы деп бааланууда.
Автор: Жанышбекова Чолпон
Добавить комментарий ×