Казакстандын президенти: Мен Жээнбековдун Кыргызстанды мыйзам жолуна кайтаруу аракетин колдойм

14 октябрь 2020 10:48 1386 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандын укуктук талаага кайтуусуна тилектеш экендигин билдирди. Бул тууралуу казак президентинин Twitter баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Токаев соцтармактагы баракчасы аркылуу Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын легитимдүү президенти катары таанып, ошондуктан анын өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу боюнча иш-аракеттерин колдой турганын жазды.

“Боордош Кыргызстандын элин конституциялык талаага акырындык менен кайтып келишин кубаттайм. Биздин өлкө Кыргызстанда саясий күчтөрдүн каршылашуусунун башталышынан баштап эле биримдикке чакырып келген. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттин мыйзамдуу башчысы, ошондуктан мен анын чыр-чатакты токтотуу жана өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдойм. Туруктуу Кыргыз мамлекети Казакстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана союздаш катары маанилүү”, -деп жазган казак лидери.



Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-prezidenti-men-zheenbekovdun-kyrgyzstandy-myjzam-zholuna-kajtaruu-araketin-koldojm



Добавить комментарий