Казакстандын эки областында мал белгисиз ылаңдан улам өлүп жатканы катталды
Түндүк Казакстанда мал белгисиз оорудан улам өлүп жатканы маалымдалды. Алардын эмнеден улам өлгөнү аныктала элек. Бул тууралуу “Евразия биринчи каналы” кабарлаганын “Барометр” билдирет.
Аталган маалыматка таянсак, Мортык айылында акыркы айда эле дароо 16 торпок өлгөн жана мал ээлери аларды өрттөп салышкан.
Ветеринарлар анализ ала албай калышкан, алар торпоктордун өлүмүнө эмфизематоздук карбункул себеп болушу мүмкүн дешүүдө. Инфекция биринчи кезекте жаш малга жугат жана бул ооруну жайкы аптап күчөтүп жибериши ыктымал.
Ошондой эле Акмоло областынын Азат жана Карабулак айылдарында 500дөн ашык мал ылаңдап, 10дой мал өлгөн.
Ветеринарлар баарын катуу ысыкка байланыштырууда.
Буга чейин аномалдуу ысыктан Мангистау жана Кызылордо областарында малдын өлүмү көп катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-eki-oblastynda-mal-belgisiz-yladan-ulam-lp-zhatkany-kattaldy
Добавить комментарий ×