Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларына карантин жарыяланды

17 март 2020 18:13 614 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Алматы жана Нур-Султан шаарларында 19-марттан тарта карантин киргизилет. Бул тууралуу президенттин алдындагы мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Премьер-министр Аскар Маминдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында тийиштүү кызматтардын башчылары аталган жки шаардагы акыркы абал тууралуу маалымат беришти.

Карантин киргизүү чечими Казакстанда чыгып жаткан коронавирустун алдын алуу жана анын башка шаарларга жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган. Карантин учурунда санитардык-эпидемияга каршы иш-аракеттер жүрөт.

Жалпы Казакстанда акыркы маалыматтар боюнча коронавирус жуккан 27 учур катталды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-almaty-zhana-nur-sultan-shaarlaryna-karantin-zharyyalandy



Добавить комментарий