Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны отузга жакындады

17 марта 2020 14:57 855 Barometr
Поделиться в:
ok

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуккандардын саны 27ге жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 17-мартта Нур-Султанда 14 бейтаптан коронавирус жукканы ырасталган.

“Бул бейтаптар карантинге алынып, текшерүү учурунда алардан коронавирус табылды. 14 бейтап кимдер менен алакада болгону ырасталды. Учурда аларды дага карантинге алуу жана коомдон бөлүп кармоо иштери аткарылууда”, — деди Биртанов.

Министр андан сырткары абал өкмөттүн көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Ал андан сырткары 27 учурдун ичинен Алматыда 11, Нур-Султан шаарында 16 учур катталганын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronaviruska-chaldykkandardyn-sany-otuzga-zhakyndady



Добавить комментарий