Казакстандык эки буту жок Мария Ауэзова Эверест чокусун багындырды

19 апрель 2021 18:28 1991 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну Мария Ауэзова Эверест чокусунун базалык лагерине эки буту жоктугуна карабай, колдору менен көтөрүлдү. Бул тууралуу Мария Ауэзованын соцтармактагы баракчасына жазган маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Ауэзованын инстаграм баракчасындагы жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, ал 5 364 метр бийиктикке көтөрүлгөн дүйнөдөгү биринчи кыз болду.

Бийиктикке көтөрүлүүгө даярдануу үчүн бир жарым жыл убакыт кеткен.

"Бизге бул мүмкүн эмес деп айтышкан. Бирок, биз аны аткардык! Ушундай кыйын сыноолор мага жеңиш алып келди. Ооруу, тердөө, көз жаш жана дененин ар бир сантиметрине кирген катуу суук. Бирок, баары жеңиш менен аяктады! Мен өзүмө дагы бир жолу ишенүүгө жана коркуу сезиминен арылууга үйрөндүм " - деп бөлүштү Мария.

Мария Ауэзова мындан алты жыл мурун оорудан улам эки бутунан айрылган.

Келечекте Мария протез буттары менен Непалга кайтып келип, ушул жолду дагы бир жолу багындырууну ниеттенүүдө.

Эверест базалык лагери эки лагерден турат, алар тоонун ар кайсы тарабында, ар кайсы өлкөдө жайгашкан. Түштүгү Непалда деңиз деңгээлинен 5 364 метр бийиктикте, ал эми түндүгү Тибетте (Кытай) деңиз деңгээлинен 5 150 метр бийиктикте жайгашкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-eki-butu-zhok-mariya-auezova-everest-chokusun-bagyndyrdy



Добавить комментарий