Казакстанда жаш балдарга хиджама кылууга каршы массалык кол топтоо жүрүп жатат

3 февраль 2023 13:33 887 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда ымыркайларга хиджама жасатуу (кан чыгаруу) процедурасына тыюу салуу боюнча массалык түрдө кол чогултуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайтына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта ымыркайды ыйлатып, башынан кан алып жаткан (хиджама) видео таркаган. 

Хиджама – бул кан чыгаруу, анын жүрүшүндө кан терини кесүү аркылуу алынат. Бул ыкма орто кылымдарда медицинада кеңири таралган, бирок заманбап далилдүү медицинада мындай ыкма коопту болуп эсептелинет. Саламаттыкты сактоо министрлиги хиджама лицензияланган медициналык жардамга тиешеси жок экенин тастыктады. Ошого карабастан, хиджамачылар кызмат көрсөтүүнү жана аларды, анын ичинде балдарга да көрсөтүүнү улантууда”, -деп айтылат маалыматта.    
 
 
 

Казакстандык дарыгерлер жана илимпоздор тобу Саламаттыкты сактоо министрлигин альтернативдик медицина жана хижаманы колдонуу менен байланышкан иш-аракеттерди, өзгөчө жашы жете электерге карата бул ыкмаларды колдонууну жөнгө салуу үчүн кийлигишүүгө жана чара көрүүгө чакырган кол топтоону (петиция) баштады.      

Эки күн ичинде ага 11 миңден ашык жаран кол койгон.     

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhash-baldarga-hidzhama-kyluuga-karshy-massalyk-kol-toptoo-zhrp-zhatat



Добавить комментарий