Казакстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы майрамдалбай турган болду
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарында боло турчу Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскер парадынан баш тартууну буюрду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Берик Уали Facebook баракчасына жазды.
Ага ылайык, мындай тыюу салуу Нооруз майрамына дагы тиешелүү. Токаев мындай чечимди коронавирустун алдын алуу жана анын калк арасында тарап кетишине жол бербөө максатында кабыл алган.
Андан сырткары Казакстанды жакын арада өткөрүү пландалган эл аралык форумдарды дагы кийинкиге жылдыруу тапшырмасын берген.
Ошол эле маалда президенттин маалымат катчысы чакан, орто жана ири ишканалар ишин токтотпостон иштеши керек. Мамлекет башчысынын баамында кабыл алынып жаткан вируска каршы иш-аракеттер алардын ишмердигине тоскоолдук жаратпаш керек.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-uluu-zheishtin-75-zhyldygy-majramdalbaj-turgan-boldu
Добавить комментарий ×