Казакстанда УКМКнын кызматкерин колу-бутун байлап, оозун таңып туруп мейманканадан өлтүрүп кетишти
Бөлүшүү:
Казакстанда Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкерин колу -бутун байлап, оозун таңып туруп өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Время саясий маалымат басылмасы жазды. 25-жаштагы кызматкердин жансыз денесин Астанадагы мейманканалардын биринде эртең мененки саат 09:00 дарда табышкан. Время маалымат басылмасынын берген маалыматтарына ылайык, УКМКнын кызматкери 15-октябрда үйүнөн кечки саат 18:00дерде чыгып кеткен. Кийген кийими күнүмдүк эле жинсы жана кара күрмө кийип алган. Түнкү саат 02:30 дарда аялына кызыктуудай билдирүү келип түшкөн. Анда мындай деп жазылат: "Үй-бүлөмдү жакшы көрөм. Мен маанилүү жолугушуудамын. Эгер бир сааттын ичинде чыкпасам Рус алгоритмди билет"-деп жазылган.
Добавить комментарий ×