Казакстанда УКМКнын кызматкерин колу-бутун байлап, оозун таңып туруп мейманканадан өлтүрүп кетишти

17 октября 2018 11:00 2228 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Казакстанда Улуттук Коопсуздук Комитетинин кызматкерин колу -бутун байлап, оозун таңып туруп өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу Время саясий маалымат басылмасы жазды. 25-жаштагы кызматкердин жансыз денесин  Астанадагы мейманканалардын биринде эртең мененки саат 09:00 дарда табышкан. Время маалымат басылмасынын берген маалыматтарына ылайык, УКМКнын кызматкери 15-октябрда үйүнөн кечки саат 18:00дерде чыгып кеткен. Кийген кийими күнүмдүк эле жинсы жана кара күрмө кийип алган. Түнкү саат 02:30 дарда аялына кызыктуудай билдирүү келип түшкөн. Анда мындай деп жазылат: "Үй-бүлөмдү жакшы көрөм. Мен маанилүү жолугушуудамын. Эгер бир сааттын ичинде чыкпасам Рус алгоритмди билет"-деп жазылган. 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-ukmknyn-kyzmatkerin-kolu-butun-bajlap-oozun-tayp-turup-mejmankanadan-ltrp-ketishti



Добавить комментарий