Казакстанда куш тумоосу чыгып миңден ашык үй канаттуулары өлдү

28 сентябрь 2021 10:00 2501 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түндүк Казакстандагы Лебяжье айылына ветеринардык карантин киргизилди. Бул жерде куш тумоосунан миңден ашык үй канатуулары өлдү. Бул тууралуу Казакстандын ЖМКларына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган областын ветеринария башкармалыгынан маалымдашкандай, 21-сентябрдан 26-сентябрга чейинки аралыкта бул кыштакта тооктор, каздар жана өрдөктөр массалык түрдө кыргынга учурган.Баардыгы болуп 1003 баш үй канаттуусу кырылган. Аларды өрттөштү.

“Ветеринардык кызмат текшерүү жүргүзүп, канатуулардын куш тумоосунан өлгөнү 24-сентябрда лабораториялык негизде аныкталды”,-деп кабарлады областтагы ветеринария башкармалыгынын профилактика бөлүмүнүн жетекчиси Каирлы Казанов.

Эскерте кетсек, өткөн жылы Казакстандан куш тумоосунан улам  канаттуулар фабрикаларында жана калктын чарбаларында жүз миңдеген канаттуулар зыянга учурган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kush-tumoosu-chygyp-miden-ashyk-j-kanattuulary-ld



Добавить комментарий