Казакстанда коронавирустун экинчи толкуну болот деп күтүп жатышат
Казакстанда коронавирустун экинчи толкуну күзүндө күн сууктаган учурга туура келерин өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо улуттук борборунун директору Дамир Кобжасаров айтты.
Ал андыктан элди коронавирус толугу менен жок кылынбаганын, ал өлкөдө бар экенин унутпоого чакырды.
Кобжасаров коронавирус айрым кишилерге жукканда симптомдору байкалбай турганын айтып, алар өзүлөрү байкабастан вирусту таратып жүрүүчүлөрдүн катарында болушу ыктымал экенин кошумчалады.
Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда 4700дөн ашык кишиге жугуп, 31 кишинин өмүрүн алды. Ошол эле маалда илдеттен 1500дөн ашык киши айыкты.
Эске салсак, буга чейин немис окумуштуулары дагы коронавирустун экинчи жана үчүнчү толкуну боло турганын эскерткен болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirustun-ekinchi-tolkunu-bolot-dep-ktp-zhatyshat
Добавить комментарий ×