Окумуштуулар коронавирустун экинчи, үчүнчү толкуну боло турганын эскертти

7 мая 2020 09:16 2467 Barometr
Поделиться в:
ok

Дүйнө жүзүн коронавирустун экинчи жана үчүнчү толкуну сөзсүз каптай турганын окумуштуулар айтышууда. Мындай божомолду Германиядагы Роберт Кох атындагы вирусология институтунун башчысы Лотар Вилер билдирди.

“Биз илдеттин экинчи толкуну сөзсүз болорун билебиз. Мындай нерсени башка эксперттер дагы божомолдоп, экинчи, үчүнчү толкун болорун айтышууда”, — деди Вилер.

Ал коронавирустун экинчи толкунуна Германиянын саламаттык сактоо системасы даяр экенин айтып, дарыгерлер бейтаптарды кандай дарылоо керектигин өздөштүрүп жатканын кошумчалады.

Окумуштуулардын ырасташынча, илдет менен жер шарындагы элдин 70 пайызы ооруганга чейин жайыла берет.

Учурда дүйнө жүзүндөгү бардык окумуштуулар коронавирус каршы вакцинаны ойлоп табуу боюнча аракеттерин көрүп жатат. Азырынча көңүл жылытарлык жыйынтыктар жокко эсе.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-koronavirustun-ekinchi-chnch-tolkunu-bolo-turganyn-eskertti



Добавить комментарий