Казакстанда калктын 60 пайызы толук эмдөөдөн өттү

13 сентябрь 2021 19:50 1206 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда калктын 60 пайызга жакыны толук түрдө эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Tengrinews.kz. булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги берген маалыматка таянсак, 13-сентябрда вакцинанын биринчи компонентин 7 087 994 адам алса, экинчи компоненти менен 5 906 080 адам эмделген.

Биринчи ирет эмдөө алгандардын саны 71,1 пайызга, экинчи ирет эмделгендерин саны 59,2 пайызга барабар болду.

Буга чейин Алмата шаарынын башкы санитардык дарыгери эмдөө алган адамдар 20 пайызга аз ооруканага жаткырыларын эскерткен болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-kalktyn-60-pajyzy-toluk-emddn-tt



Добавить комментарий