Казакстанда аялдардын эл аралык майрамына уюштурулчу концерт болбой калды

2 март 2020 15:14 829 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаевдин буйругу менен аялдардын эл аралык күнүнө карата Нур-Султан шаарында боло турчу майрамдык жыйын менен концерт болбой турган болду. Бул тууралуу казак президенти Twitter баракчасын жазды.

Токаев мындай чечимин дүйнөнү каптаган коронавирус коркунучунан улам кабыл алганын түшүндүрдү.

“Мындай аракеттер дүйнөнү каптаган коронавирустан сактануу максатында жасалды. Сүйүктүү аялдарга бакыт, ден соолук жана бакыт-таалай каалайм”, — деп жазды Токаев.

Бегилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирус акыркы маалыматтар боюнча үч миңден ашык кишинин өмүрүн алып, 90 миңге жакын кишиге жуккан. 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-ayaldardyn-el-aralyk-majramyna-uyushturulchu-koncert-bolboj-kaldy



Добавить комментарий