Казакстанда ачкачылыктан кырылып жаткан жылкыларга көмөк сурашты

19 август 2021 13:33 2001 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандык ыктыярчылар Мангистау областында ачкачылыктан өлүп жаткан малды сактап калыш үчүн  тоют алууга көмөк берүүнү сурап кайрылышты. Бул тууралуу “Мээримдүүлөр клубу” уюмунун социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Аталган клубдун баракчасына Мангистау областындагы Саура жайытында алсырап калган жылкыны куткарышканы тууралуу жазышты. Бирок кийинчирээк ал жылкы да өлгөн. Аталган жайытта ыктыярчылар бир нече жылкынын сөөгүн табышты.

“Кечээ бизге бул жылкынын ээси байланышка чыгып, азыркы учурда анын жылкылары кандай абалда экени тууралуу видеону жана сүрөттөрдү көрсөттү, анча жакшы көрүнүш эмес. “Ушундан көрө сатып жибербейби?” деп жазгандарга жооп: аларды эч ким сатып албай жатат. Силер кожоюндары жөн гана массалык түрдө мал кырылып жатканына кубанып турушат дейсиңерби? Кандай гана чыгым экенин элестете аласыңарбы? Пандемияны эске алганда коомдук тамактануу жайлары өткөн жылдан бери иштебей турат. Дагы айта берсе сөз көп. Биз тоюттан жардам берүүнү чечтик”,-деп билдиришти ыктыярчылар.

Малга көмө бере тургандар болсо аталган клубдун Instagram баракчасына кайрылууну өтүнүштү.

Эскерте кетсек, Казакстандын  Мангистау областында жамгыр жаабай мал суу жана тоют жоктугунан кырылып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-achkachylyktan-kyrylyp-zhatkan-zhylkylarga-kmk-surashty



Добавить комментарий