Казакстан кыргызстандыктар үчүн өткөрмө бекеттерин ачууну карап жатат

5 ноябрь 2021 14:42 3387 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен “Европа биримдиги жана Борбор Азия» биринчи экономикалык форумунун алкагында жолугушту. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.

Акылбек Жапаров эки өлкөнүн президенттери мамлекеттердин ортосундагы сооданын деңгээлин 1 миллиард долларга жеткирүү милдетин коюшкандыгын белгиледи.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы соода жүгүртүүнүн ырааттуу өсүүсү, инвестиция тартууда оң тенденция, эки тараптуу байланыштын активдештирилиши байкалды. Бирок ошого карабастан, өз ара соодада болгон потенциал ишке аша элек.

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, агрардык жана энергетикалык тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Казакстанга электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашты. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Жолугушуунун алкагында Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча да маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын жер үстүндөгү өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки республиканын тармактык министрликтери карап чыгышат.

Казакстандын премьер-министри Министрлер кабинетинин башчысын Астана шаарында ноябрь айында өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-kyrgyzstandyktar-chn-tkrm-beketterin-achuunu-karap-zhatat



Добавить комментарий