Британия дүйнөдө биринчи болуп коронавирустун таблеткасын кабыл алмай болду
Медициналык маанидеги товарларды жана дары каражаттарын жөнгө салуу боюнча агенттик (MHRA) Улуу Британия коронавируска каршы америкалык фармацевтикалык гигант болуп эсептелген Merck компаниясы чыгарган таблеткаларды бейтаптарга колдонууну баштаганын маалымдады. Бул тууралуу чет элдик ЖМК булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Аталган дарыны жеңил жана орточо оордуктагы бейтаптар ичсе болот.
“Бүгүн биздин өлкө үчүн тарыхый күн, анткени Улуу Британия дүйнөдө Covid-19га каршы таблетканы кабыл алууну колдогон биринчи мамлекет болуп калды. Бул калктын аялуу катмары үчүн жакшы мүмкүндүк болмокчу”,-деп айтты Саламаттыкты сактоо министри Саджид Джавид.
“Молнупиравир” деп аталган вируска каршы препарат оорунун өрчүп кетишин жайлатат. Клиникалык сыноолордун маалыматына таянуу менен MHRA аталган дарыны оорунун белгилери пайда болгондон кийин беш күндөн соң кабыл алууну сунуштады.
Улуу Британия 20-октябрда Merck компаниясына “Молнупиравир” дарысын алыш үчүн 480 миң дозага тапшырык бергенин жарыялаган.
Ссылка: https://barometr.kg/britaniya-djnd-birinchi-bolup-koronavirustun-tabletkasyn-kabyl-almaj-boldu
Добавить комментарий ×