Казакстан Италияга барып келгендердин бардыгына өлкөгө кирүүгө тыюу салды
Казакстан дүйнөнү каптап жаткан коронавирустан улам Италияда болуп келген башка мамлекеттин жарандарына жана туристтерге өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди.
“Европа биримдигине кирген мамлекеттерде, анын ичинде Италия оорунун көбөйүп жатышы бизди тынчсыздандырат. 8-марттан тарта биз Италиянын тургундарына гана эмес, бул мамлекетте болуп келген бардык кишилерге, туристтерге өлкөгө кирүүгө тыюу салдык”, — деди ал.
Бекшин бир гана Казакстандын тургундарына өлкөгө кирүүгө уруксат берилерин айтып, алар дагы келери менен карантинге киргизилерин кошумчалады.
Эске салсак, учурда Италиянын бардык шаарлары карантинге жабылды. Ушундай ыкма менен өкмөт вирустун өлкөдө жайылышын алдын алууга аракет кылып жатат.
11-мартка карата алынган маалыматтар боюнча Италияда вирустан өлгөндөрдүн саны 631 кишиге жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-italiyaga-baryp-kelgenderdin-bardygyna-lkg-kirg-tyyuu-saldy
Добавить комментарий ×