Казакстан футбол боюнча Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берди
Казакстан Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берди. Бул тууралуу
Футбол федерациясынын президенти Tengri Sport жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Казакстандын футбол федерациясынын президенти Адлет Барменкулов буга чейин кыздар арасында 2022/23-жылкы Европа чемпиондугуна тандоо турнири Алматыда өткөнүн, эми кийинки ири старт үчүн арыз берилгенин билдирди.
«Биз дүйнөлүк футбол аренасында позициябызды бекемдөөгө жигердүү аракет кылып жатабыз. 2026/27-жылдары 19 жашка чейинкилер арасында Европа чемпионатын өткөрүүгө арыз берилди. Турнирди эки шаарда – Алматы менен Шымкентте уюштурууну сунуштаганбыз. Бул маселе боюнча жооп үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында алабыз деп күтүп жатабыз», - деди Барменкулов КФФнын басма сөз кызматына берген маегинде.
Ошондой эле, Казакстан 2034-жылы өтүүчү дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүгө арыз берүүнү пландап жатканы маалым болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-futbol-boyuncha-evropa-chempionatyn-tkrg-aryz-berdi
Добавить комментарий ×