Кавасаки – мультисиндромдуу сезгенүүнүн статистикасы боюнча иштей турган жумушчу топ түзүлдү

28 сентябрь 2020 14:09 1018 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус көп ооруларды козгойт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

«Бүгүнкү күндө 4-протоколду иштеп чыгууда буга чейинки бардык кемчиликтер эске алынды. Протоколду иштеп чыгууга коронавирус илдети менен түздөн-түз иштеген дарыгер-практиктер катышты», - деп билдирди Медициналык жардам жана дары-дармектер саясаты башкармалыгынын башчысы Нургуль Ибраева.

Анын айтымында, коронавирус-бул оору, ал дээрлик бардык органдардын жана системалардын тамырларын козгойт. Түшкөн арыздардын көбү -алсыздык, уйкучулук жана диабет менен байланышкан оорулар. Кан басымы жогору болгон учурлар. Ошондой эле Кавасаки – мультисиндромдуу сезгенүүнүн статистикасы боюнча иштей турган жумушчу топ түзүлдү. Азыркы учурда балдар үчүн 5 стационар жана балдар бөлүмдөрүнүн базасында жатакана даярдалган. Койка орундардын жалпы саны 2000ден ашык.

Ссылка: https://barometr.kg/kavasaki-multisindromduu-sezgennn-statistikasy-boyuncha-ishtej-turgan-zhumushchu-top-tzld



Добавить комментарий