Катуу ысыктан улам 7 жаштагы бала смартфону жарылып каза тапты

5 июль 2019 12:39 2414 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Катуу ысык абадан, вирустук тиркемелерден жана смартфондун механикалык бузугунан улам анын жарылып кетүү ыктымалдыгы жогорулайт. Бул тууралуу kratko-news.com кабарлады.

Россиянын тергөө башкармалыгы 3-июлда Курган шаарында мобилдик телефон жарылып кетип 7 жаштагы бала каза тапканын маалымдады.

Россиянын Кибер коопсуздук агенттигинин жетекчисинин айтымында, жайдын катуу аптабында гаджеттер бат ысып бул алардын аккумуляторунун жарылуусун алып келиши толук мүмкүн.

“Жайдын ысыгында биз түзүмдөрдү ысытып жибербешибиз кажет. Алар күндүн нуру түз тийген жерде болсо кооптуулук ого бетер көбөйүп, түзүм жарылып кетиши толук ыктымал”,-деп эскертти ал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/katuu-ysyktan-ulam-7-zhashtagy-bala-smartfonu-zharylyp-kaza-tapty



Добавить комментарий