Катардагы курулушчунун шайлоо тууралуу айткандары барынын шайын оодарды. Видео
Бөлүшүү:
Социалдык тармактарда колдонуучулар Бишкектеги курулуштардын биринин жумушчусунун "Добушуңду" сатпа деген ырын бөлүшүп жатышат.
Анда катардагы жумушчу аткаминерлерге жана карапайым калкка кайрылып, добушту сатпай, чыныгы татыктууларды тандоо тууралуу айтат.
Рэп стилинде айтылган ыр саптарынын айрымдары төмөнкүдөй:
... Чек араны көзүңдүн карегиндей сакта,
Үлгү болуп жакшы иштер менен таланттарды тапта.
Ала-Тоодой бийик болгун эл жериңди сакта,
Акылдуу бол, адилеттүү бол кыргызымдын жаштары.
Ар намысың, абийириңди акча үчүн сатпа,
Элиң үчүн, жериң үчүн ак эмгегиң сарпта.
Намыс үчүн, чындык үчүн өлүмдөн качпа,
Адашпагын, акылыңды акча үчүн сатпа,
Алкымыңды тыйгын дагы абийириңди сатпа!
Добавить комментарий ×