Катар Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар. Авиакаттам ачуу боюнча сунушту карап жатышат

14 февраль 2019 10:44 1459 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Доха шаарында КРнын Атайын жана Ыйгарымдуу укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи мырза менен 13-февралда  жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө 2019 жылдын 31-январында өткөн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын дeңгээлиндеги ТИМдер аралык саясий консультацияларынын жыйынтыктары каралып, саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда мамилелерди күчөтүү максатында кийинки кадамдар талкууланды. Мамлекеттик министр эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап жана кызматташууну бекемдөөгө Катар мамлекети кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал эми элчи Нуран Ниязалиев эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу кызматташууну бекемдөөгө авиакаттам ачуу керектигин зарыл деп белгилегендигин Barometr.kg сайтына билдирди. Анын айтымында, Катарлык тарап бул сунушту изилдеп жатышат. Коюлган пландар биргелешип ишке ашырылса, кыргыз-катар мамилелери жаңы баскычка чыгаарын айтты. 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/katar-kyrgyzstan-menen-ishteshg-kyzykdar-aviakattam-achuu-boyuncha-sunushtu-karap-zhatyshat



Добавить комментарий