Видео. Аттар белчесинен калың карга тыгылып, баса албай калышты
Кыргызстанда быйыл жаз жылдагыдан суук болуп, кайрадан кыш келгендей катаал аба-ырайы болуп жатат. Айрым тоолу райондордо белчеден кар жаап, малчыларга кыйынчылык жаратууда. Бул тууралуу интернеттен алынган маалыматтарга шилтеме берип "Барометр" маалымдайт.
Жаз келип, бак-даркатар бүчүр алып калганда, мындай катаал аба-ырайы өтө чоң зыян алып келет. Себеби, Кыргызстандын түштүк аймагында өрүктөр гүлдөп калган.
Кече, 30-мартта Кыргызстандын тоолоруна кар калың жаап койгондуктан, малчылардын аттары белчесинен тыгылып, баса албай калганын видео тасмага түшүрүп, интернетке жүктөп жатышат.
Видеодон көрүнүп тургандай, аттар бир ордунан жылууга мүмкүн болбой калган. Чабандардын айтымында, март айынын орто ченинде эле малдарды жакадан того алып чыгып кетишкен. Эми минтип, калың жааган кардан улам айлалары кетип олтурат.
Ал эми, кече, 30-мартта Кыргызстандын баардык аймактарында катуу жааган кар аралаш жаандан улам, сел жүрүп, жада калса үйлөргө чейин каптап кеткен.
Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүн суу каптап, көлчүктөр пайда болуп, үйлөрдүн короолоруна чейин кирип кеткени тууралуу видео тасмалар интернетке жүктөлүп жатты.
“Эми бизге жумушка, мектепке, дүкөнгө барып келиш үчүн кайык эле жетишпей жатат” деген пикирлерин жазып жатышты шаар тургундары.
Ал эми, Бишкек мэриясы бул көрүнүшкө шаар тургундарын күнөлөөдө. Мэриянын айтымында, шаар тургундары жолго чейин чыгып, үйлөрүн салып алгандыктан иригациялык линиялар жабылып калган.
Ссылка: https://barometr.kg/kataal-aba-yrajy-chabandardyn-shajyn-alyp-meriyanyn-ajlasyn-ketirdi
Добавить комментарий ×