Касым-Жомарт Токаев Назарбаевдин учурундагы өлкөнүн жетишкендиктерин чагылдыруу тапшырмасын берди
Бөлүшүү:
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Актау шаарында өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн 14 билборддорду орнотуу чечимин “Менин пикиримде, бул таптакыр орунсуз, мен мындай пропагандага муктаж эмесмин. Мынчалык административдик аракеттин эмне кереги бар", - деп сынга алды.
Токаев коюлган билборддордо Назарбаевдин учурундагы өлкөнүн жетишкендиктери тууралуу маалыматты чагылдырууну тапшырды.
Маалым болгондой, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кеткен.
Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети Касым-Жомарт Токаевге жүктөлгөн.
Эми Казакстанда президенттик шайлоо 2019-жылдын 9-июнунда өтөт.
Добавить комментарий ×