Борбор Азиядагы кайсы президент Instagram тармагында популярдуу

8 январь 2020 15:22 13900 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармак бүгүнкү күнү ар бир кишинин жашоосунун бир бөлүгү болуп калды десек болот. Аткаминерлер да жасаган иштерин элге бир гана ЖМК менен эмес, социалдык тармак аркылуу да жеткирүүгө аракет кылып келет. “Барометр” редакциясы Борбор Азиядагы мамлекеттердин президенттеринин Instagram баракчасын салыштырып көрдү.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин маалымат кызматы өлкө башчысы Twitter менен Instagram баракчаларын активдүү колдоно турганын билдирет. Президенттин баракчасына катталгандардын саны миллионго жетет. Токаевдин Instagram баракчасы 2019-жылы 1-апрелде ачылган. Андан бери баракчага 60 билдирүү – сүрөт, видео жарыяланган. Аларда негизинен Токаевдин сапарлары жана маданий иш-чаралар тууралуу жазылган.

Ал эми Twitter баракчасына 139 миң киши жазылган. Бул жакка жалпысынан 7 миң билдирүү жарыяланган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Instagram’ына 2,3 миллион киши жазылган. Ал 2017-жылы июнда ачылып, андан бери 1 605 билдирүү чыгарылган. Өзбек президентинин андан сырткары англисче маалыматтар жарыяланган дагы бир баракчасы бар.

Ошондой эле, Мирзиёевдин Facebook баракчасына да билдирүүлөр такай чыгып турат.

Казакстан жана Өзбекстандын президенттерине салыштырмалуу Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Instagram баракчасына 295 миң киши жазылган. Анын Instagram баракчасы 2019-жылы тастыкталып, атайын көк-ак түстөгү белги коюлган.

Сооронбай Жээнбековдун Facebook баракчасы да активдүү, ал жакка мамлекет башчысына 23 миңден ашык киши жазылган.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун ырасталган Instagram же Facebook баракчасы жок. Ошентсе да анын Instagram баракчасына 20 миңдей киши катталган. Facebook баракчасына болсо 60 миң киши жазылган. Ии, баса Рахмондун расмий сайтында Facebook баракчасына шилтеме берилген.


Ссылка: https://barometr.kg/borbor-aziyadagy-lknn-kajsy-prezidenti-instagram-tarmagynda-populyarduu



Добавить комментарий